Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Кечээ, 1-сентябрда КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд өнүктүрүү фондунун Башкы аткаруучу директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте КРдагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка тармактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Кулубаев саудиялык тарапка калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык объектилерди курууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташууну мындан ары арттырууга даяр экендигин билдирди.

“Өз кезегинде Аль-Маршад КР фонд үчүн артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрдүн бири экендигин белгилеп, мектеп куруу, жеткиликтүү турак жайларды салуу жана таза суу менен камсыздоо сыяктуу бир катар долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашыруу ниетин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы аткаруучу директор Султан Аль-Маршад, Кыргызстанга Бишкек шаарындагы № 97-орто мектептин ачылыш аземине жана № 3-балдар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салууга катышуу максатында келген.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500