КР Япония өкмөтү менен 2.3 млн долларлык гранттык макулдашууга кол койду - минкаб мамкызматкерлерди Японияга окууга жөнөтөт

КР Япония өкмөтү менен 2.3 млн долларлык гранттык макулдашууга кол койду - минкаб мамкызматкерлерди Японияга окууга жөнөтөт

КР мамлекеттик кызматкерлердин Японияда магистрдик даражада билим алуусу үчүн стипендиялык программаны ишке ашырууга Япония өкмөтү менен 2.3 млн долларлык гранттык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Япония КРга 2022-жылга Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программаны (JDS) ишке ашыруу үчүн 2.3 млн доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүүнү чечкен.

Ага ылайык, бүгүн, 5-сентябрда Финансы министрлигинде Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда Шигеки жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки менен алмашуу ноталарына жана JDS долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюлган.

“Долбоордун негизги максаты – Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, КРнын министрлер кабинетинин кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Негизги талапкерлер КРнын жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери болот. Японияда окуусун аяктагандан кийин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга чоң салым кошот”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500