Кыргызстан өлкөнүн данга болгон муктаждыгын 68%га чейин камсыздай алат

Кыргызстан өлкөнүн данга болгон муктаждыгын 68%га чейин камсыздай алат

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков радиоэфирде Кыргызстан кандай маанилүү азык-түлүктөрдү импорттоого аргасыз болору жана канча пайыз өзүн-өзү камсыздай ала тургандыгы тууралуу айтып берди.

Министр быйыл кыргызстандык дыйкандар жергиликтүү дан эгиндерин жыйноонун эсебинен өлкөнүн азык-түлүк муктаждыгынын 65-68%га жакынын камсыздай ала тургандыгын билдирди. Калганы Россия жана Казакстандан ташылып келинет.

«Бизге жылына 62 миң тоннага жакын өсүмдүк майы керек. Биз өзүбүздү 18-20%га гана камсыздайбыз. Маселени чечүү үчүн быйылкы жылы жаңы өндүрүш ишканалары ишке кирди. Азыр алардын саны жетиштүү: заводдордо жабдуулар бар, иштетилген майдын сапаты мыкты десе болот. Учурда бир гана нерсе – кайра иштетүү үчүн чийки зат жетишпейт», – деди Жаныбеков.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстанга күн караманын, соянын үрөндөрү чоң көлөмдө алынып келинди, анткени өлкөдө май өсүмдүктөрүн өстүрүү азык-түлүк коопсуздугунун жогорку көрсөткүчтөрүн берет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500