Бишкек - Сеул түз аба каттамы ачылат - ноябрда Бишкекке кореялык авиакомпаниянын өкүлү келет

2023-жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Ким Хо Сон билдирди.

Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, каттамдар туристтик сезондо жумасына эки жолу аткарылат. Ал өз учурунда Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт.

“Кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө. Буга Кореядагы эл аралык туристтик көргөзмөсүндөгү делегациянын катышуусу чоң таасирин тийгизди. Кыргызстандын экспозициясы эң кызыктуу, мазмундуу деп табылып, Гран-приге ээ болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын ноябрь айында кызматташууну өнүктүрүү максатында Кореянын авиакомпаниясынын өкүлүнүн келүүсү күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды