Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акылдуу аппараттардын жана инфраструктуранын дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүсү – Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте 5G сыноо аймагын ишке киргизди.

КР Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ачуу аземинде: «Бүгүн биз жаңы технологиялык өнүгүүнүн босогосунда турабыз – бул бешинчи муундагы зымсыз байланыш – 5G киргизүү.Биз баардыгыбыз байланыштын бул түрү жөнүндө угуп келгенбиз, эми бизде бул стандартты сыноо мүмкүнчүлүгү жаралды. 5G жөн гана жаңы жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш стандарты эмес. Келечекте 5G тармактарын киргизүү биздин дүйнө таанымыбыздын өзгөрүшүнө алып келип, бүтүндөй коомдун өзгөртүшү мүмкүн.

5G эмне үчүн бизди кызыктырууда? Албетте, анын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Мисалы, колдонуучу бир нече секунданын ичинде толук метраждуу тасмаларды жүктөй алат, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей алат, 5G ишенимдүү жана тезирээк байланышты камсыздайт, видео чаттардагы баарлашуулар реалдуураак болот», – деп белгиледи.

Бешинчи муундагы байланыш стандартынын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жеке сынап көрүүнү каалагандар үчүн 5G технологиялар көргөзмөсү Дордой Плаза-2 соода борборунда сентябрь айынын аягына чейин уланат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500