Энергетиктика тармагында 210 кызматкер жумуштан бошотулду - жылына 105.5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлөт

Энергетиктика тармагында 210 кызматкер жумуштан бошотулду - жылына 105.5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлөт

Кыргызстанда энергетика тармагын башкарууну реструктуризациялоо аяктады. Бүгүн, 6-сентябрда Энергетика министрлигинде реструктуризациянын жана жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы чыгарылды.

Ишканаларды кайрадан түзүү жана таандык кылуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды. “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” энергетикалык ишканалары “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКга, ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” ААК “Электр станциялары” ААКсына бириктирилди. Бул 1 млрд сомду үнөмдөөгө жардам берип, бул каражат энергетикалык кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жумшалмакчы.

Компаниянын кызматкерлеринин санын кыскартуу чечимине ылайык, жетекчиликтеги 60 штаттык жумушчу кызматтан кетти. Анын ичинде 25 директорлор кеңешинин мүчөсү, 15 башкы директор, 15 текшерүү комиссиясынын мүчөсү жана 5 катчы бар. Бул жылына 22 млн сом үнөмдөөгө жардам берди.

Башкаруу аппаратында бири-бирин кайталаган жетекчилерди жана ишканалардын бөлүмдөрүн жоюу 150 штаттык бирдикти кыскартып, бул 83.5 млн сомду үнөмдөөгө жардам берди.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү