Германиялык туристтерге Кыргызстанга поезд менен тур уюштурулду

Германиялык туристтерге Кыргызстанга поезд менен тур уюштурулду

Кыргызстанга Германиядан туристтер туристтик поезд менен келишти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2022-жылдын август айында германиялык Lernidee Erlebnisreisеn GmbH туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” УК МИге кайрылышкан.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн алкагында бул демилгени колдоп, аталган турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздады. Алгач коноктор Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда келишкен. Андан соң 5-сентябрда тур үчүн жаңы түзүлгөн поезд менен Кыргызстанга келишкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, Чынгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болушуп, Ысык-Көлдү кыдырып чыгышты. Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди. Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт жана алар Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң Германияга кайтышат”, – деп айтылат маалыматта.

Туристтердин келишинин максаты – өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхий жана маданий мурастары менен таанышуу болгон.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү