Акылбек Жапаров: 2023-жылдан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек

Акылбек Жапаров: 2023-жылдан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, ошондой эле 2023-2027-жылдарга мамлекеттик бюджеттин негизги параметрлерин сунуштады.  

Белгиленгендей, жакынкы келечектеги фискалдык саясаттын негизги милдети – бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу жана кирешелерди башкаруу тутумун жакшыртуу жолу аркылуу мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.

Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка бизнес процесстерди санариптештирүү боюнча алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин алдыбызда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат. 2023-жылдын 1-январынан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек. Мындан тышкары IT технологиялар университетин ачып, IT шаарчасын негиздөө керек, – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында минкабдын Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, анын ичинде орто мөөнөттүү бюджеттик негиздер жана тармактар боюнча чыгымдардын стратегияларын, ошондой эле айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетти түзүү үчүн контролдук көрсөткүчтөрдү бекитти.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү