Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун жетекчилери менен өнөктөштүк боюнча бир катар маселелерди талкуулады

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун жетекчилери менен өнөктөштүк боюнча бир катар маселелерди талкуулады

Кечээ, 6-сентябрда Каракол шаарында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Навид Хасан Накви президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана облустагы шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Анда Дүйнөлүк банктын КР менен болгон жаңы Өнөктөштүк программасын даярдоонун (2024-2028) алкагында төмөнкү маселелер талкууланган:

  • Калктын жашоо деңгээли боюнча учурдагы абал жана аларды чечүүдөгү тоскоолдуктар
  • Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу
  • Жакырчылыкты азайтуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошуучу артыкчылыктуу багыттар
  • Жакырчылыкты азайтууда Дүйнөлүк банктын таасири
  • Социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө аялдардын катышуусу, алардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

“Жыйынтыгында Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга карата программасын түзүүдө жериндеги көйгөйлөрдү чечүү боюнча айтылган сунуштар, пикирлер эске алына турган болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кошумча окуңуз:

Кыргызстандын жарандары канткенде экономикалык өсүштүн локомотиви боло алат? Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен маек

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо