Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан салык кызматтарын саналуу убакытта алууга болот

Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан салык кызматтарын саналуу убакытта алууга болот

Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан (ИТБ) жарандар жана ишкерлер салык кызматтарын саналуу убакыттын ичинде ала алышат, ал эми жер-жерлердеги салык органдарында 3 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул Борбордо Бишкектеги салык органдарында катталган жарандар жана ишкерлер тейленет.

МСК ИТБда 9 айдын ичинде салык салуу жаатында 116 миң 784 кызмат жана 38 миң 899 башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлгөнүн билдирди.

  • Салыктык каттоодон 8 миң 751, кайра каттоодон – 1 205, эсептик каттоодон – 118 салык төлөөчү өткөн, ошондой эле 22 миң 695 субъект каттоосун жокко чыгарган.
  • Дагы 5 миң 612 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө, 4 миң 501 салык төлөөчү – салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат алышкан.
  • 6315 субъектке экономикалык иш жүргүзүү үчүн патент берилген, ал эми 5 840 субъект салык режимин өзгөртүшкөн.
  • Мындан тышкары, 8107 салык төлөөчү Салык кызматынын сайтындагы “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгүнө, 11 миң 840 адам булуттук электрондук кол тамгага ээ болушкан (Инфокомдун продуктусу).
  • 33 миң 953 салык төлөөчү салык мыйзамы боюнча түшүндүрмө алышкан.

Эске салсак, 2021-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда борбордун ишкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан сырткары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтүшөт, ошондой эле банктардын филиалдары жайгашкан.

Ишкерлерди тейлөө борбору – бул ишкерлер консультациянын бардык түрүн, мамлекеттик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндөй комплексин ала турган жер. Анын ичинде каттоодон, кайра каттоодон өтүү, отчетторду тапшыруу, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксаттарды, консультацияларды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу.

Борбор ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан кызмат көрсөтөт.

  • Борбордун дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу пр., 381, / Ибраимов көч.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо