Бишкектин тургуну 6 жыл чогулткан KUNAN TAITORU спорттук унаасын презентациялады - фото

Бишкектин тургуну 6 жыл чогулткан KUNAN TAITORU спорттук унаасын презентациялады - фото

Кечээ, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Zaman ресторанында биринчи кыргызстандык Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) спорт унаасынын презентациясы болду.

Бул унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык жана аталган спорттук унааны колу менен чогултууга 8 адам 6 жыл жумшаган.

Койлубаевдин айтымында, унааны чогултууда гибриддик материалдар, түрдүү тетиктер колдонулган жана 300 аттын кубатын берген Subaru Legacy автоунаасынын кыймылдаткычы коюлган. Ал эми кузовун чогултууда карбон жана плексигласс колдонулган.

«Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан кыял. Спорттук унаанын аталышындагы «Кунан» үч жылдык жаш айгырды билдирет. Ал эми “Тайтору” – “Манас” эпосундагы күлүк аттын аты ушундай болгон», – деген Койлубаев унааны сатуу ниети жок экенин билдирди.

Машина азырынча «Унаа» мамлекеттик ишканасында каттала элек, анткени буга чейин эч ким үйдөн жасалган унааларды каттаган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо