Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот

Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот

Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка таянсак, “Инфоком” менен БШКнын ортосунда 2022-жылдын сентябрынан тартып электрондук булут кол тамгасын (ЭБК) берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

“Кызматташтык “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. “Инфоком” МИнин адистери БШКнын кызматкерлерин булутка негизделген электрондук кол тамга берүү боюнча окутушту”, – дейт министрлик.

Ыйгарым укуктарды берүү ЭБКны калкка берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк бермекчи, анткени буга чейин аларды Калкты тейлөө борборлорунан гана алууга болчу.

Белгилей кетсек, булут кол тамга акысыз берилет.

Кошумча окуңуз:

Булуттук электрондук кол тамгасын алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керек?

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо