«Кыргызстанда жасалган» долбоорунун бет ачары болду - жакында расмий бекитүүгө жиберилет

«Кыргызстанда жасалган» долбоорунун бет ачары болду - жакында расмий бекитүүгө жиберилет

Кечээ, 7-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигинде 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программанын долбоорунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, КРнын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, алдыңкы экспортерлор – өндүрүүчүлөр катышышкан.

Ошондой эле иш-чарада секторлор аралык презентациялар сунушталды:

  • экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу
  • соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
  • улуттук сапат инфраструктурасы
  • каржылоо мүмкүнчүлүгү.

“Бул программанын долбоору жакын арада КРнын мамлекеттик органдарына расмий бекитүүгө жиберилет жана коомдук талкууга коюлат, ал эми тиешелүү жол-жоболор өткөндөн кийин, андан ары кароо жана бекитүү үчүн белгиленген тартипте КРнын президентинин администрациясына киргизилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо