Октябрдан баштап кумшекердин арзандашы күтүлөт - кант кызылчасы бышты

Октябрдан баштап кумшекердин арзандашы күтүлөт - кант кызылчасы бышты

Октябрь айында кумшекердин баасынын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин атаандаштыкты жана баа түзүүнү өнүктүрүү боюнча монополияга каршы саясат башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева кечээ, 7-сентябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, октябрь айына чейин Кыргызстандын кант заводдору кумшекерди арзан баада чыгара баштайт.

«Өткөн жумада “Кайыңды-Кант” кант заводунда кумшекердин килограммы 82.5 сомдон кем болбой жаткан. Баа акырындап түшүп жатат, анткени октябрь айына чейин өзүбүздүн шекерибиз сатылат», – деди ал.

Ал ошондой эле кант заводдору жергиликтүү дыйкандардан кант кызылчасын чоң көлөмдө алууга даяр экенин баса белгиледи. Бирок заводдорго бир-эки дыйкандан бөлүп-жарып алган рентабелдүү эмес экенин, андыктан баары биригип кластерлерди түзүп, ири көлөмдө өткөрсө бир топ жеңил болорун билдирди.


Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинип жаткан. Ал эми “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүп жатышкан. Логистикадан улам, базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору болуп жаткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын