Токтоп турган ишканаларды жандандырууга «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөт

Токтоп турган ишканаларды жандандырууга «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөт

Токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жапаров кийим тигүү тармагынын жумушчуларынын мүмкүн болгон салымынын аркасында республиканын калкы ата мекендик жогорку сапаттагы продукцияны сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.

“Биз текстиль жана тигүү тармагынын экспорттук дараметин жогорулатууда бардык шарттарды түзүү менен катар, каржы жагынан да колдоого даярбыз. Буга чейин мамлекетте ишкерликти колдоо үчүн зарыл болгон финансылык каражат жок болчу. Эми өндүрүштүк долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деди ал.

Ошондой эле ал токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо курулуп жаткан объекттер текшерилди

Караколдо курулуп жаткан объекттер текшерилди

6-августта, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар курулуш объекттерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, министр алгач оңдолуп жаткан Каракол шаардык тарыхый музейиндеги иштерди текшерип, андан

Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту

Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 7-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, жолугушууга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь

Бишкекте эл аралык эксперттер менен шайлоо боюнча талкуу өтүп жатат

Бишкекте эл аралык эксперттер менен шайлоо боюнча талкуу өтүп жатат

Бишкекте "Шайлоо өткөрүү жаатындагы ЕККУнун эл аралык стандарттары жана милдеттенмелери, шайлоо чөйрөсүндө Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарын ишке ашыруу" темасында эки күндүк тегерек үстөл өтүп жатат. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова ачып, өлкөдөгү шайлоо системасын

Жаратылыш паркында мыйзамсыз мототранспорт айдаган жаранга чара көрүлдү

Жаратылыш паркында мыйзамсыз мототранспорт айдаган жаранга чара көрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө парктын аймагында мототранспорт каражаты менен мыйзамсыз жүрүп, жайыт жерлерине зыян келтирген жаран аныкталды. Аталган факты