Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды

Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды

Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун кайра чакыртып алгандыгын расмий сайтында билдирди.

Министрлик жарандардан жана мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштарга байланыштуу, төлөмдөрдүн өлчөмүн андан ары тактоо максатында мыйзам долбоорун кайрадан чакыртып алган.

Эскерте кетсек, бул демилге аталган жолдун тоннелдерин талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо максатында сунушталган болчу.

Ведомство унааларды алты категорияга бөлүүнү сунуштап жана алардын ар бири үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмүн да аныктаган:

  • жеңил унаалар, микроавтобустар, джиптер – 50 сом, чет өлкөлүк номурлуу унаалар үчүн 5 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки микроавтобустар жана жүк ташуучу унаалар – 100 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 10 доллар
  • 22 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 150 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 20 доллар
  • 22ден 32 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 300 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 40 доллар
  • 32ден ашык орундуу автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 350 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 60 доллар
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар – 400 сом, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 80 доллар.

Унаалардын өтүүсүнө акча чогултуу Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” посттору аркылуу жүргүзүлмөк жана бул үчүн атайын мамлекеттик орган аныкталмак.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо