2022-жылдагы «дем берүүчү гранттардын» эң чоң үлүшү Жалал-абад облусуна туура келет - 74.8 млн сом

2022-жылдагы «дем берүүчү гранттардын» эң чоң үлүшү Жалал-абад облусуна туура келет - 74.8 млн сом

2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2022-жылдын 8 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 328.9 млн сом суммасындагы 218 долбоор каржыланган.

Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, берилген гранттардын эң чоң үлүшү Жалал-Абад облусуна (74.8 млн сом), андан соң, Ош облусуна (66.3 млн сом) туура келген.

  • Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – бул аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө