АКШнын КРдагы элчилиги виза алуу убактысын кыскартат жана интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачат

АКШнын КРдагы элчилигинин маалымат кызматы 12-сентябрдан тартып, ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачарын билдирди.

Маалыматка таянсак, АКШ элчилиги виза алуу убактысын кыскартат.

“АКШ менен КР элдеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ошол эле учурда биз ачык болуп, Кыргызстандын бардык жарандарына виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылып жатабыз.

Ошондуктан 12-сентябрда ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачабыз”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды