Бир грамм алтын кереги жок - президент бир тууган агасынын алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтүнө ачыктама берди

Бир грамм алтын кереги жок - президент бир тууган агасынын алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтүнө ачыктама берди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-сентябрда “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек куруп, анда бир тууганы Сабыр Жапаровдун түркиялык компанияда алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү боюнча суроого жооп берди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө президенттин чет элдик жаран менен кошо алтын куймасын кармап түшкөн бир тууганынын сүрөтү кызуу талкуу жараткан эле.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукта бул сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын айтып, азыркы иштерге тиешеси жок экенин билдирген. Бирок Жапаров бул сүрөт тууралуу өз пикирин билдирди.

Президенттин айтымында, өткөн жылы Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды дүйнөлүк биржада сатууга чектөө койгон. Ошол кезде түрк ишкерлери алтын сатып алуу боюнча президенттин агасы Сабыр Жапаровго кайрылган.

“Ал эми сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон.

Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен.

“Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деп кайрылышыптыр.

Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн”, – деди президент.

Ошол эле кезде Жапаров алтын сатып алуу сунуштары эмне үчүн жеке өзүнө же бийлик өкүлдөрүнө түшүшү керектигин түшүндүргөн жок.

Президент ошондой эле мөөнөтү бүткөндөн кийин жер карабай, “башты бийик көтөрүп жүргөндөй” болуп кетерин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. "Тиешелүү келишимге кол коюлат. Бул эки өлкөнүн жарандарынын эркин жүрүү эркиндигин жана байланышын бир кыйла жеңилдетет. Бул мамлекеттер аралык санариптик күн тартибиндеги маанилүү демилгелердин бири", – деди Новиков Кыргызстан – Россия экономикалык форумунун

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстанда 8-августтан 11-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын жаап, өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдордо коопсуздук эрежелерин сактоо, кырдаалга жараша кыймыл аракеттерди жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу зарыл. Ошондой эле айдоочуларга тоолуу аймактардагы жолдордо

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-Россия VIII экономикалык форумунун алкагында өткөн "Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары" аталышындагы тегерек үстөлгө катышты. Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага эки өлкөнүн экономикалык багыттагы министрликтеринин, мамлекеттик органдарынын, аймактык бийлик

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Экологиялык кызматкерлер Токтогул суу сактагычында өткөн кезектеги текшерүү ишинде узундугу 300 метр балык уулоочу торду алып чыгышты. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычында 52 рейд өтүп, анын жыйынтыгында 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылган. Маалыматка ылайык,