Бишкек мэриясы АӨБ менен биргеликте 120 электробус алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо

Бишкек мэриясы АӨБ менен биргеликте 120 электробус алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясы жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 120 электробус алып келүү боюнча жеңүүчүнү аныктоо үчүн сунуштарды финалдык баалоодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына муниципалитеттен билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, сынакка катышууга түшкөн алгачкы сунуштар ушул жылдын январь айынын аягында карала баштаган. Анда 5 компания сынакка катышууга кызыктарлыгын билдирген. Финансылык мекеменин отчетунан кийин үч компания кийинки баскычка өткөн.

Ал эми акыркы сунуш 8-августта каралган. Учурда АӨБдүн сатып алуу боюнча шарттарына ылайык, аталган банктын консультанттары менен биргеликте катышуучулардын финансылык сунуштарын баалоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул иштин жыйынтыгында жеңүүчү аныкталып, аны менен электр автобустарын жана заряддоо инфраструктурасын алып келүү боюнча келишим түзүлөт.

Кошумчалай кетсек, электр автобустарынан тышкары элүү 120 МВт заряддагыч жана отуз беш 300 МВттык монтаждоочу кубаттагыч, ошондой эле эвакуатор сатып алуу пландалууда.

Долбоор боюнча

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржыланат, жалпы суммасы 50.65 млн доллар, анын ичинен гранттын жалпы үлүшү – 25.65 млн доллар, ал эми жеңилдетилген кредит – 25 млн доллар турат.

Economist.kg мурда маалымдагандай, долбоордун кредиттик бөлүгү төмөнкү шартта берилет: 32 жылга, анын ичинен 24 жылы кредиттик мөөнөт болуп эсептелинет, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл. Жалпысынан бул жеңилдетилген кредит категориясына кирет. Пайыздык чени жеңилдетилген 8 жылга 1%дык өлчөм менен, ал эми мөөнөтү аяктагандан кийин 1.5% менен төлөнөт.

Долбоор ошондой эле эки троллейбус автобазасынын инфраструктурасын модернизациялоону жана автобустардын ылдамдыгын жогорулатуу жана Бишкектин борборундагы коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 3.5 чакырымдык жашыл мобилдүүлүктүн пилоттук коридорун түзөт.

КР 1994-жылы АӨБдүн программаларына киргенден бери банк 1.3 млрд доллардан ашык өлчөмүндө насыя, 811 млн доллар өлчөмүндө грант жана 69 млн доллар өлчөмүндө техникалык жардам берген.

Кошумча окуңуз:

АӨБ берген каражатка жакында Бишкекке 120 автобус алынат – мэрия

Электробустардын жол киреси 11 сомдон болот – арзан болбойт

Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө