Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги «каптал сейил багынын» эскиздик долбоору сунушталды - сүрөт

“Бишкекбашкыархитектура” ММнын адистери Бишкек шаарында “каптал сейил багын” түзүүнүн кезектеги эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын арызынын негизинде, мамлекеттик мекеме Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде “каптал сейил багын” түзүүнүн эскиздик долбоорун иштеп чыгышкан.

“Мекеменин кызматкерлери: Ленин районунун башкы архитектору Улан Айжигитов, шаарды көрктөндүрүү секторунун жетекчиси Айнура Асанбаева Бишкек мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте бул долбоорду ишке ашыруу маселелерин жеринде талкуулашты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды