Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 7-сентябрдагы жыйында Саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришкен.

59 жаштагы Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган. 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштеген жана 2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп эмгектенген. Ага удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) болуп да эмгектенген.

Эскерте кетсек, июнь айында убактылуу кызматынан четтетилген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынып, министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жүргөн.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө