КРнын айылдарынын тургундарын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга үйрөтүшөт – долбоорго 9.6 млн доллар бөлүндү

КРнын айылдарынын тургундарын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга үйрөтүшөт – долбоорго 9.6 млн доллар бөлүндү

Кыргызстанда Жашыл климаттык фонддун долбоору ишке кирди. Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, гранттын жалпы суммасы 9.6 млн долларды түзөт.

Долбоор 2022-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Долбоордун максаты – климаттын өзгөрүшүнүн таасирине карата калктын аялуулугун азайтуу жана айыл жамааттарынын адаптациялык потенциалы менен туруктуулугун жогорулатууда КРга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоор үч компоненттен турат:

  • климаттык тобокелдиктерди башкаруу үчүн аялуу айылдык жамааттарды колдоо үчүн климаттык кызматтар
  • калктын аярлуу катмарларынын адаптациялык потенциалын жогорулатуу жана коомчулуктун туруктуулугун бекемдөө үчүн жашоо каражаттарын жогорулатуу жана диверсификациялоо
  • көп секторлуу мамилени колдонуу менен климаттык аракеттерди жакшыртуу үчүн потенциалды өнүктүрүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн колдоо көрсөтүү.

Долбоор Жаратылыш ресурстар министрлиги жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Эмгек министрлиги жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө