Министрлер кабинети кытайлык Nuctech Company Limited менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Министрлер кабинети кытайлык Nuctech Company Limited менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Nuctech Company Limited (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ошондой эле ал кытайлык инвесторлор менен кызматташууну жайгарууга кызыкдар экенин билдирип, акыркы жылдары пандемияга карабастан, Кытай КРнын башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсүндө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгын кошумчалады. 

«Nuctech Company Limited» компаниясынын өкүлдөрү ишкананын иши жана экономиканын ар кыл тармактарында алдыңкы технологияларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.


Маалымдама: 

«Nuctech Company Limited» компаниясы 1997-жылы Цинхуа техникалык университетинин базасында түзүлгөн жана дүйнөнүн 170 өлкөсүндө иш алып барат. Ишкана компьютердик томография, рентген нурлары, жардыргыч заттардын жана дары-дармек каражаттарынын аз өлчөмдөгү көлөмүн (издерин) анализдөө жана аныктоо, ошондой эле радиоактивдүү заттарды мониторингдөө жана идентификациялоо жаатындагы негизги технологияларга көз карандысыз интеллектуалдык менчик укугуна ээ. 

Компания жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын, багаждын жана жөнөтмөлөрдүн, адамдардын коопсуздугун текшерүү, жарылуучу заттарды жана баңгизаттарды, суюктуктарды аныктоо, радиоактивдүү материалдарды көзөмөлдөө үчүн 30дан ашык продукциянын сериясын жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана технологиялык продукциянын 200дөн ашык түрүн иштеп чыккан. Компаниянын өндүрүштүк базалары Кытайда, Европада жана Түштүк Америкада жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө