Пандемия мезгилде токтоп калган Ош - Андижан маршруттук каттамы кайрадан жанданды

Ош – Андижан багыты боюнча маршруттук каттам кайрадан жанданды. Бул тууралуу жергиликтүү “ОШ ТВ” маалымдады.

Маалыматка таянсак, бүгүн, 9-сентябрда алгачкы каттам менен 15 жаран “Достук” чек арасы аркылуу өтүп кетишкен.

Эми маршруттук унаалар Ош автобекетинен ар күнү, жыйырма мүнөт сайын каттап турат. Ушундай эле каттам Андижандан Ошту карай жүрүп турмакчы. Жол акысы 140 сом.

Эске сала кетсек, Ош – Андижан шаарларынын ортосундагы каттам пандемиядан улам токтоп калган болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды