Сауд Арабия Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо курууга даяр

Сауд Арабия Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо курууга даяр

Сауд Арабия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Сауд Арабиянын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган.

Кулубаев эки тараптуу кызматташуунун жогорку жана прогрессивдүү динамикасын белгилесе, министр Аль-Фалих Сауд Арабия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирип, ушуга байланыштуу конкреттүү инвестициялык сунуштарды кароого жиберүүнү өтүнгөн.

“Ошондой эле Сауд Арабиянын Инвестиция министри Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана курулушуна катышууга даяр экенин билдирди.

Министр Аль-Фалих энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жумушчу топ жиберерин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кулубаев маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган. Министр Аль-Фалих аталган чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечектеги конкреттүү соода-экономикалык долбоорлордун пайдубалын даярдоого тийиш болгон Сауд Арабиянын жумушчу тобунун иш сапарынан кийин Кыргызстанга келерине убада кылган.

Кошумча окуңуз:

“Камбар-Ата-1” сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек – Акылбек Жапаров

Казакстандын президенти “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип курууну колдоду

Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна бүгүн старт берилди – КРнын экономикасына 234 млн доллар жылдык таза пайда алып келет

“Бала-Саруу” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСтеринин курулуштарына мамлекет 3.5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди Өзбекстан менен чогуу курушу мүмкүн

Кыргызстан инвесторлорду Камбар-Ата жана башка ГЭСтерди курууга катышууга чакырууда

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро алууну көздөөдө

Казакстандын өкмөтү Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу куруу маселесин карап жатат

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. "Тиешелүү келишимге кол коюлат. Бул эки өлкөнүн жарандарынын эркин жүрүү эркиндигин жана байланышын бир кыйла жеңилдетет. Бул мамлекеттер аралык санариптик күн тартибиндеги маанилүү демилгелердин бири", – деди Новиков Кыргызстан – Россия экономикалык форумунун

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстанда 8-августтан 11-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын жаап, өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдордо коопсуздук эрежелерин сактоо, кырдаалга жараша кыймыл аракеттерди жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу зарыл. Ошондой эле айдоочуларга тоолуу аймактардагы жолдордо

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-Россия VIII экономикалык форумунун алкагында өткөн "Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары" аталышындагы тегерек үстөлгө катышты. Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага эки өлкөнүн экономикалык багыттагы министрликтеринин, мамлекеттик органдарынын, аймактык бийлик

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Экологиялык кызматкерлер Токтогул суу сактагычында өткөн кезектеги текшерүү ишинде узундугу 300 метр балык уулоочу торду алып чыгышты. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычында 52 рейд өтүп, анын жыйынтыгында 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылган. Маалыматка ылайык,