Жакында Carcheck системасы аркылуу транспорт салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот

Жакында Carcheck системасы аркылуу транспорт салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражатына салык төлөө боюнча маалымат базасын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын Carcheck сервиси менен интеграциялоону пландаштырууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы учурда Салык кызматы салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгелөөдө.

Carcheck системасы аркылуу жарандар транспорт каражатына салык төлөнгөндүгү же төлөнбөгөндүгү боюнча маалымат ала алышат.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөө боюнча текшерүү функциясын киргизүү менен жарандык контроль күчөтүлүп, ошону менен бирге салык төлөбөгөндөрдүн саны азаярына ишенет. Дагы бир оң натыйжа – транспорт каражатынын ээлеринин салык сабаттуулугу жана салык милдеттенмелери жөнүндө маалымдуулугу жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолугушту

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 7-августта, Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка таянсак, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча

Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Кыргызстанда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, алардын негизги бөлүгү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жаңы эрежелерге ылайык, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмасы үчөө гана болот: ачык тендер, баа сунуштарын суроо жана бир булактан сатып алуу. Мыйзам коррупцияга каршы талаптарды да күчөтөт. Коррупция жана алдамчылык үчүн соттолгон компаниялар

Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өрөөндүн кире бериш аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ал туристтер жана меймандар үчүн курулуп жаткан "рест-поинттин" курулушу, арканы жаңылоо жана жарыктандыруу тутумун орнотуу иштерин көрүп чыкты. Жаңы курулуп жаткан эс