«Кыргыз почтасы» Германиянын логистикалык компаниялары менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп жатат

«Кыргыз почтасы» Германиянын логистикалык компаниялары менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп жатат

Өткөн жумада «Кыргыз почтасы» ААКсынын жетекчилиги Германиянын M&M (Militzer&Munch) жана EMEX ЖЧШ (кат жана жүктөрдү тез жеткирүү кызматы) логистикалык компаниялары менен жолукту. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын логистикалык жана трансчек аралык потенциалы тууралуу сөз болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө M&M компаниясынын жетекчиси Николас Колер «Кыргыз почтасы» менен логистика жана электрондук коммерция тармагында кызматташуу анын компаниясы үчүн бир катар артыкчылыктарды алып келерин белгиледи.

Militzer&Munch – 130 жыл мурун Германияда түзүлгөн эл аралык транспорттук жана логистикалык компания. Компания азыр Батыш жана Чыгыш Европада, КМШда, Араб Магриб союзуна мүчө өлкөлөрдө, ошондой эле Жакын, Орто жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө өз кызматтарын сунуштайт. 2018-жылы компаниянын жүгүртүүсү 512 млн еврону түзгөн.

EMEX уюму болсо эл аралык Militzer&Munch концернине кирет. Башкы кеңсеси Швейцарияда, филиалдары дүйнө жүзү боюнча жайгашкан. Компаниянын Россияда гана жүгүртүүсү жылына 20 млрд рублдан ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол