Кыргызстанда ИДП 8%га өстү - Улутстатком

Кыргызстанда ИДП 8%га өстү - Улутстатком

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт (ИДП) алдына ала баалоо боюнча 506 млрд сомдун тегерегинде түзүлдү жана 2021-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 8%га жогорулады. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 468 млрд сомду түзүп, 5.1%га жогорулады.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-август  айларында 266 млрд сомдун тегерегин түздү жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 18.2%га жогорулады, буга себеп негизги металлдардын өндүрүлүшү (45.4%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (28%), мунай заттардын (14.4%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (13.5%), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (1.3%) ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (6.3%)  өсүшү таасирин тийгизди.


Ал эми орто мөөнөттүү Улуттук банктын үстүбүздөгү жылдын II чейрегине карата акча-кредит саясаты боюнча отчетунда Кыргызстандын ИДПнын реалдуу өсүшү 2022-жылдын аягында болжол менен 4.2%ды, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 3.7%ды түзөөрү айтылган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол