Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарын районунун Куланак айыл аймагында, Нарын суусунун боюнда кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Куланак” ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген “Нарын” ЖЧК өндүрүштүк ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда.

“Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу – 100 МВт. Куруу мөөнөтү – 4 жыл. Жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуш жумуштары учурунда 500 адам иш менен камсыз болуп, ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 100 млн еврону түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

«Куланак» ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488.51 га жер аянты трансформацияланып берилген.

Курулуш ишинин жүрүшү тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Нарын” ЖЧКнын жетекчиси Кутубай Мурзабаев учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВ көмөкчү чордон, 1000 кВт 2 даана трансформатор, 190 даана зым тиректер орнотулуп, жумушчулар жашап, иштеши үчүн вахталык шаарча курулганын, шаарчада курулушчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгилешти.

Мындан сырткары, деривациялык каналга бара турган жана каналды бойлой кеткен жолдун негизин таптоо, бетон аралашмасын даярдай турган жана шагыл майдалап, сорттоочу жабдууну коюу жумуштары жүргүзүлүүдө.

ГЭСтин курулушу райондун ирригация тармагына да пайда алып келиши күтүлүүдө. Алсак, Куланак каналын өзү агып чугуучу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болот. Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын жерлерин сугат суусу менен камсыздоо жакшырат.

Ошондой эле суу баскан аянттар кеңейсе ушул аймактан 22 миң га жер аянтын картошка эгүү үчүн өзбекстандыктарга ижарага берсе жана сууну текке кетирбей ири балык чарбасын куруп, киреше тапса да болору айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол