Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

Прокуратуранын берген маалыматына таянсак, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада, мамлекетке материалдык зыян келтирген.

“Мындан тышкары, министр Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо “Б.” ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирген”, – деп айтылат маалыматта.

 Эскерте кетсек, Доскул Бекмурзаев Энергетика министри болуп 2021-жылы июнь айында, Кыргызстан энергетикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан мезгилде дайындалган.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин