Кепилдик фонду жаңы портфелдик кепилдиктерди сунуштады

Кепилдик фонду жаңы портфелдик кепилдиктерди сунуштады

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте “Портфелдик кепилдиктер – жаңы кепилдик продуктусу Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууга «Кепилдик фонд» ААКнын катышуусу” деген темада тегерек стол болуп өттү. 

Тегерек столдун негизги темасы  – “КРдагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн негизинде Кыргызстандын рыногунда жаңы кепилдик продуктунун пайда болушу – портфелдик кепилдиктер, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программаларынын катышуучуларына «Кепилдик фонд» ААК тарабынан кепилдиктерди берүү механизмин талкуулоо болду. 

Эске салсак, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, МИКтен насыя алып жаткан жарандар «Кепилдик фонд» ААК кепилдиктерине ишене алышат жана кепилдик берүүчү катары банктарга сунуштай алышат. 

Банктар жарандарга ипотекалык насыяларды, эгерде аларда бүгүнкү күндө ипотекалык турак жайдын баасынан 10%дан 20%га чейинки өлчөмүндөгү баштапкы төлөм боюнча кыйынчылыктар жаралса, кепилдик фондунун кепилдиги менен беришет. 

“Кепилдик фонду” ААКнын төрагасынын орун басары Эрик Таласбаев тегерек столдо жаңы кепилдик продукт – портфелдик кепилдиктердин бет ачарын өткөрдү.

Анын айтымында, портфелдик кепилдиктерди каттоо системасы үч принципке негизделет:

  • Автоматтык каттоо принциби – ФКУнун критерийлерине жооп берген бардык берилген кредиттерди каттайт. Жеке кредиттерди тизмеден чыгарууга тараптардын укугу жок.
  • Пропорционалдуулук принциби – кредиттин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде катышуунун белгиленген үлүшүнө ылайык, ФКУ менен “Кепилдик фонддун” жоопкерчилигин бөлүштүрүү болуп саналат.
  • Анонимдүүлүк принциби – карыз алуучуга ал алган кредиттин кошумча камсыздоосу жөнүндө маалымат берилбейт, бул алуучунун карызды төлөө потенциалын жогорулатат.

Белгилей кетсек, тегерек столго президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КРнын Улуттук банкынын, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кепилдик фонд» ААКнын өнөктөш банктардын жетекчилери катышышты. 

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин