Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү талапка каршы

Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү талапка каршы

КРнын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү демилгеге каршы экенин билдиришти.

Кыргызстандын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы «КРнын аймагындагы соода-сатык ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү жөнүндөгү» токтомуна киргизиле турган өкмөттүн өзгөртүүлөрү ата мекендик бизнеске олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн деген деген негизде кабатырланууда.

Тагыраак айтканда, кеп өлкөнүн бардык кафелерине жана тойканаларына ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн суусундуктарынын ар бир алкоголсуз түрүнөн эң аз дегенде жарым ассортиментин киргизиш керек деген талаптар жөнүндө болууда.

Ассоциация мүчөлөрү жогоруда аталган токтомду киргизүү олуттуу жемкорлук тобокелчилигин жаратып, ал эми тамактануу түйүндөрү ар кандай себептер менен анын керектүү деген талаптарын канааттандыра албашы мүмкүн деген оюн айтышууда.

«Биз кардарлардын кызыкчылыгына карап иштейбиз. Жакшы көргөн суусундугуна буйрутма берген адамдын тандоосуна биз чектөөлөрдү коё албайбыз. Ал эми текшерүүчү органдар үчүн биздики туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ал өз кезегинде жемкорлуктун өсүшүнө жол ачып, өлкөнүн бардык кафе жана тойканаларынын ишин татаалдаштырат. Анын негизинде ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз деген ат менен ата мекендик ишкерлердин укугуна доо кетет», – дешет ассоциация мүчөлөрү.

Андан сырткары, алардын айтымында, ассортиментти талап кылуу жалпы тамактануу объектилерин кошумча чыгымдарга дуушар кылат. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн суусундуктарынын арасынан импорттолгон суусундуктарга сапаты жана коопсуздугу боюнча дал келген аналогун табуу кыйын.

«Ата мекендик суусундуктарды өндүрүүчүлөрдү колдоо башка тараптардын, биринчи кезекте керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына каршы келбеши керек. Ишкерлердин эркиндигине жана адилеттүү атаандаштыкка доо кетирбегени дурус. Мыйзам чыгаруучуларга биз жогоруда аталган демилгени жоюп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алууну жана өлкөнүн ички мыйзамдарына дагы, эл аралык милдеттемелерге дагы туура келбеген, ишке ашырууга мүмкүн болбогон демилгени жокко чыгарууну сунуштайбыз», – дейт КРнын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясынын президенти Анатолий Деревинский.



Маалымдама:

КРнын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы – аталган тармактын жана КРнын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү ассоциация мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргой турган жана кызыкчылыктарын алга жылдыруу максатында түзүлгөн, ошондой эле тамак-аш индустриясына тийиштүү адистиктерди жайылтуучу жана билим берүүчү коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөкчордонунан чыгуучу 10 кВ аба

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча