Кыргызстан Индия менен 200 млн доллар насыя алуу маселесин кайрадан талкуулады

Кыргызстан Индия менен 200 млн доллар насыя алуу маселесин кайрадан талкуулады

Кыргызстан Индиядан 200 млн доллар өлчөмүндө кредит алуу тууралуу маселени кайрадан алар менен талкууга алды. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

Министрликтен билдиришкендей, кечээ, 12-сентябрда КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Индиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушуп, жаңы элчини миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында, тез кайтарым берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга гранттык жардам көрсөтүү жана Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар өлчөмүндө кредиттик линия бөлүү тууралуу пикир алмашуу болду. 

Өзгөчө көңүл инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге, ошондой эле КРда социалдык өнүгүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга бурулду.

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын ноябрь айына пландалган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун онлайн режиминде өткөрүү маселесин талкуулашты.


Эске салсак, эки өлкө жеңилдетилген насыяны 2019-жылы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында берүүгө макулдашышкан. Бул маселе боюнча диалог өткөн жылдын октябрь айында да болгон.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөкчордонунан чыгуучу 10 кВ аба

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча