Сүт тармагына жылдык 6% менен насыя берилүүдө - буга чейин 27.9 млн сом берилди

Сүт тармагына жылдык 6% менен насыя берилүүдө - буга чейин 27.9 млн сом берилди

Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Программа сүт өндүрүү боюнча бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бүгүнкү күндө 70 субъектке 27 млн ​​860 миң сом насыя берилди.
Алардын ичинен облустар боюнча:

  • Ысык-Көл облусу – 11.5 млн сом
  • Талас облусу – 6.4 млн сом
  • Чүй облусу – 3.2 млн сом
  • Жалал-Абад облусу – 2.8 млн сом
  • Нарын облусу – 4 млн сом.

Эскерте кетсек кредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:

  • Айылдык өндүрүшчүлөргө – 500 миң сомго чейин
  • Фермалар үчүн – 1 млн сомго чейин
  • Шарттары: жылдык 6%га чейин
  • финансылык санкциялар – жылына 12%
  • Күрөөгө каралган шарттар – 150 миң сомго чейин кредиттерди «кепилдик» менен берүүнү карайт
  • Мөөнөтү – 36 айга
    чейин, негизги карызды жабуу үчүн 9 ай жеңилдетилген убактысы менен жана квартал сайын бекитүү шарт.

Насыяларды берүү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн КРнын
Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго кайрылуу керек: 0(312) 30-48-83; 0(997)88-55-54; 0(755) 55-88-71;

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58. КРнын Финансы
министрлигинин Борбордук казыналыгынын имараты.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин