Сауд Арабиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет

Сауд Арабиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет

Сауд Арабия Падышачылыгы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, жакынкы арада аталган өлкөнүн Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет. Алар КРга келүү менен анын инвестициялык потенциалы, улуттук ири долбоорлор жана эки тараптын кызыкчылыгына төп келген дагы башка багыттары менен жакындан таанышып чыкмакчы.

“Аталган жумушчу топтун иш сапары боюнча биз Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестиция министринин орун басары Бадр бин Ибрахим Аль-Бадр менен болгон жолугушууда макулдаштык. Андан сырткары, биз жолугушууда алдыда боло турган кыргыз-сауд бизнес форуму жөнүндө жана эки тараптуу ишкерлик кеңешин түзүү тууралуу сүйлөштүк.

Эки өлкөнүн энергетика, айыл чарба, логистика, туризм жана башка көптөгөн тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн потенциалдары абдан чоң. Биргелешкен долбоорлордун бир бөлүгү ишке ашырылып жатат. Ошондой эле бул арада Сауд Арабия тарап өзүн ишенимдүү өнөктөш жана инвестор катары көрсөтө алды”, – деди Марипов.

Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Арабиянын Инвестиция министри Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана курулушуна катышууга даяр экенин билдирген болчу.

Кошумча окуңуз:

Сауд Арабия Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо курууга даяр

Сауд Арабия менен тыгыз мамиле уланат – Министр Кулубаев Эр-Риядда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө

Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат

Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөкчордонунан чыгуучу 10 кВ аба

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча