Башкы прокуратура «Кумтөр» ишине байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алды

Башкы прокуратура «Кумтөр» ишине байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алды

КРнын Башкы прокуратурасы кечээ, 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алганын кабарлады.

“КРнын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Эсеп палатасы Кумтөр кениндеги сатып алуулар боюнча финансылык мыйзам бузуулардын бетин ачкан болчу. Анда кенде күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, запастык тетиктер рыноктук баалардан жогору баада сатып алынганы айтылган. Натыйжада, 1 млрд сомдук мамлекетке зыян келтиргени үчүн Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга карата үч кылмыш ишин козгогон.

Буга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүк жана финансылык директору Рыспек Токтогулов “Кумтөрдүн” жетекчилигинен алынышкан, бирок ошол эле учурда Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калганын минкаб билдирген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин