Бекешев: мамлекеттик сатып алууларды ачык кылуу керек, ишканалар товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок

Бекешев: мамлекеттик сатып алууларды ачык кылуу керек, ишканалар товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбук баракчасында учурда аэропорт, темир жол, “Мегаком” сыяктуу ири ишканалар керектөө товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок экенин жана мамлекетке миллиарддаган суммада зыян келтирилип жатканы тууралуу пикирин айтты.

“Ушунчалык кейиштүү. Кумтөр эмнени сатып алып жатканын эч ким билбеши үчүн, баардык мамлекеттик ишканалар Мыйзамдан алынып салынды, эми жарандар мамлекеттик ишканалар эмнени, кандай баада сатып аларын билишпейт. Мына эми миллиард сомдук зыяндын бетин ачып жатышат.

Күлкүлүү эле болду, бизди тоноп кеткен канадалыктарды кууп чыгабыз деп убада берип, алтын казган ишканага бир жылда эле ушундай зыян келтирдик. Тендер коррупцияга каршы күрөштө панацея эмес, бирок жок дегенде мамлекеттик ишканалардын сатып алуу процесси ачык-айкын болушу керек. Азыр ар бир компания (аэропорттор, темир жол, Мегаком ж.б.) коомдук көзөмөлсүз товарларды сатып алууда”, – деди депутат.


Белгилей кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы кечээ, 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алды. Себеби Эсеп палатасы Кумтөр кениндеги сатып алуулар боюнча финансылык мыйзам бузуулардын бетин ачкан болчу. Анда кенде күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, запастык тетиктер рыноктук баалардан жогору баада сатып алынганы айтылган. Натыйжада, 1 млрд сомдук мамлекетке зыян келтиргени үчүн Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга карата үч кылмыш ишин козгогон.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун