Финансы министрлигине Социалдык фондго 3 млрд 83 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди - 1-октябрдан пенсия көтөрүлөт

Финансы министрлигине Социалдык фондго 3 млрд 83 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди - 1-октябрдан пенсия көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсиянын өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети 9-сентябрдагы токтомго ылайык кабыл алды.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо үчүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн 3170 сом өлчөмүндө белгилөө чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти да 1.15 дэңгээлинде жогорулады. Социалдык фондго пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Буга байланыштуу Финансы министрлигине республикалык бюджеттин топтолгон каражаттарынан Социалдык фондго 3 млрд 83 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, жакында эле президент Садыр Жапаров көтөрүлө турган пенсия тууралуу: “Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык”, – деген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун