Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму Ош шаарында өтөт

Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму Ош шаарында өтөт

Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму 15-16-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун алкагында жана «Түштүк Экспо-2022» Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге (15-17-сентябрь) карата Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак жана КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов катышат. Мындан тышкары, Беларустун Өнөр-жай министрлигинин, Айыл-чарба жана тамак-аш министрлигинин өкүлдөрү келиши күтүлүүдө.

Бизнес-форум 15-сентябрда расмий бөлүк менен ачылып, эки өлкөнүн компанияларынын презентациялары менен уланат. Форумда В2В-жолугушуулар жана тематикалык сессиялар дагы пландалган.

“16-сентябрда Беларустан делегация Ош облусундагы өнөр-жай субъектерин кыдырып, мүмкүн болгон кызматташунун жолдорун талкуулоо ниетинде. Ал эми “Түштүк-ЭКСПО 2022” көргөзмө-жарманкенин алкагында соода-экономикалык байланыштардын чектерин кеңейтүүгө кызыктар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 40 алдыңкы компаниялар чогулат”, – дейт СӨП.

Бизнес-кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоо үчүн Кыргызстан, Россия, Беларус, Өзбекстан, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Индия жана Ирандан катышуучулар келиши күтүлөт. Компаниялардын ишмердүүлүгү тамак-аш өнөр жайы, айыл-чарба, курулуш, медицина жана башка тармактарга тиешелүү.

Аталган форумду кыргыз тараптан КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу бөлүмү жана беларусиялык «Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борбору» уюштуруп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин