Энергетика министрлиги мамлекетке 889 млн сом зыян келтирген - Бемурзаев кызматынан четтетилди

Энергетика министрлиги мамлекетке 889 млн сом зыян келтирген - Бемурзаев кызматынан четтетилди

Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

“Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү”, – деп айтылат Башкы прокуратуранын берген маалыматында.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын, «Бишкек жылуулук тармагы» МИнин кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

“Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Салык кодексинин жана Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес. Ошондой эле, Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес”, – дейт көзөмөл орган.

Натыйжада, Доскул Бекмурзаев Энергетика министринин кызматынан тергөө мөөнөтүнө бошотулду. Энергетика министрлигинин жетекчисинин милдети убактылуу анын орун басары Таалайбек Ибраевге жүктөлдү.

Министр Бекмурзаев өзү эмне дейт?

Бекмурзаев ага карата кылмыш иши козголгондон кийин, өзүнүн Фейсбук баракчасында бул анын атын каралоо экенин билдирген.

“Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм.

Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем!” – дейт Бекмурзаев.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун