МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын конверсияланган карызынан жыл сайын 5 млн евродон алат

МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкынын конверсияланган карызынан жыл сайын 5 млн евродон алат

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) турак жайларды каржылоо программасынын II фазасынын алкагында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн германиялык KfW өнүктүрүү банкынын карызын конверсиялоодон кошумча каражаттардын келишин күтүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Economist.kg мурда кабарлагандай, Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.

Бүгүнкү күндө МИК каржылоонун I фазасынын аягына чыкты. Тагыраак айтканда, айыл жериндеги жана чакан шаарлардагы (Бишкек жана Ош шаарларынан башка) аз жана орто кирешелүү үй-бүлөлөр үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча турак жайды каржылоо программасынын алкагында Германия өкмөтү тарабынан KfW банкы аркылуу берилген каражатты берүүнү аяктады.

Германия койгон шартка ылайык, ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынын чегинен тышкары жалданып иштеген же ишкерлик кылган бардык категориядагы жарандарга жылдык 8% менен, 15 жылга чейин берилет.

“Келишимге ылайык, биз үч жыл бою республикалык бюджеттен жыл сайын 5 млн евродон МИКке төлөшүбүз керек. МИК октябрь айынан баштап батирлерди жана үйлөрдү сатып алууга каражат бере баштайт. Белгилей кетсек, МИК ансыз деле бүгүнкү күнгө чейин ипотекалык насыяларды берип келген. Бирок бул жарандарга берүү үчүн кошумча каражат болот”, – деди Финансы министринин орун басары Руслан Татиков министрликтин Инстаграмдагы баракчасында түз эфирде маалымат берип жатып.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары