Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ Эл аралык IT форуму өттү

Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ Эл аралык IT форуму өттү

Кечээ, 13-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азия – АКШ эл аралык IT форуму болуп өттү. Бул тууралуу КРнын АКШдагы Элчилиги билдирди.

«Борбор Азия-санариптик өнүгүүнүн кезектеги багыты» деген аталыштагы форумга АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер, Кыргызстандын АКШдагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев, Өзбекстандын БУУдагы жетекчисинин башчысы Бактияр Ибрагимов жана бир катар IT тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

“Жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эң алдыңкы IT компаниялары жана бир катар америкалык алдыңкы эл аралык компания өкүлдөрү катышышып өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Форумда Борбордук Азияда бирдиктүү бир IT базарын уюштуруу, эл аралык рынокторго чыгуунун жолдору, өз ара тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу сыяктуу маселелер талкууланды”, – деп билдиришти элчиликтен.

Жыйынды Кынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев ачып, сөз сүйлөдү. Аманбаев учурда дүйнө калкынын жашоосунун токсон тогуз пайызы IT технологиясы менен тыгыз байланыш экендигин айтып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн IT тармагындагы адистери биргелишип Евразия континентинде бирдиктүү бир санарип базарын түзүүгө жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар деген оюн ортого салды.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер өз сөзүндө IT индустриясы дүйнө жүзү боюна өнүгүп жаткандыгын белгилеп, АКШ бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул жааттагы биргелешкен аракеттерин ар тараптуу колдоого алаарын маалымдады.

Жыйындын катышуучулары өз ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат беришип мамлекеттер аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү аркылуу, аянтчалардын тиркемелерин иштеп чыгуу менен дүйнөлүк онлайн соода базарына кеңири жол ачуу тууралуу баяндама жасашты. Аталган иш-чара Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы жана Кыргыз-Америка ассоциациясы тарабынан биргелешип уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары