Өрт өчүрүүчү техника, көчмө оорукана - Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен бир катар документтерди кабыл алды

Өрт өчүрүүчү техника, көчмө оорукана - Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен бир катар документтерди кабыл алды

Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар документтерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен КРнын министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
  1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен КРнын министрлер кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы КРдан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол
  1. КРнын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «КРнын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары