Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт

Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт

Сауд Арабиянын авиа компанияларынын бири Flynas – Кыргызстанга үзгүлтүксүз авиа каттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, аталган компания жакынкы күндөрдө КРнын рыногун көрүп чыгуу үчүн атайын делегация жиберет. Бул тууралуу Марипов Flynas ишканасынын директорунун орун басары Аль-Моханна менен жолугушуу учурунда макулдашкан.

“Жыл өткөн сайын Кыргызстанга Сауд Арабиясынан жана Булуңдагы өлкөлөрдөн келген коноктордун саны арбып баратат. Алардын саны көбөйгөн сайын үзгүлтүксүз авиа каттам ачуу муктаждыгы да жогорулайт. Ал эми авиа каттамдын ачылуусу туристтердин көбөйүшүнө, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык алаканын өсүшүнө өбөлгө түзүп берет.

Белгилей кете турган болсом, Сауд Арабиясында потенциалдуу инвесторлор абдан көп жана биз аларды өлкөбүзгө тартуу ишин дагы да уланта беребиз”, – дейт Марипов.


Flynas – Сауд Арабиядагы башкаларга салыштырмалуу арзан авиакомпания. Анын кеңсеси Король Халид эл аралык аэропортунда жайгашкан. Flynas беш жыл катары менен World Travel Awards жана үч жыл катары менен Skytrax тарабынан Жакынкы Чыгыштын алдыңкы арзан авиакомпаниясы аталган.

Кошумча окуңуз:

Сауд Арабиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет

Сауд Арабия Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо курууга даяр

Сауд Арабия менен тыгыз мамиле уланат – Министр Кулубаев Эр-Риядда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө

Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат

Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары