Түп: 376 метр жолдун жүз метрине гана асфальт төшөп, калган 1.4 млн сомду «жеп алышкан»

Түп: 376 метр жолдун жүз метрине гана асфальт төшөп, калган 1.4 млн сомду «жеп алышкан»

Ысык-Көл областтык прокуратурасы Түп айыл өкмөтүнүн жана “Д.Т” ЖЧКнын кызмат адамдарына мамлекетке 1.3 млн сом зыян келтирди деген факт менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 20-сентябрында Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнын ортосунда Түп айылынын көчөсүнүн 473 метрине асфальт төшөө боюнча келишим түзүлүп, аталган коомго 2 млн 741 миң 591 сом акча каражаты которулуп, асфальт төшөө иштерин ошол эле жылдын 25-октябрына чейин бүтүрүү каралган.

Бирок, Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнун кызмат адамдары өз кызмат абалынан пайдаланышып, жеке кызыкчылыктар үчүн аткарылган иштердин актысына жалган маалыматтарды көрсөтүшкөн.

“Текшерүүдө, Түп айылынын “К” көчөсүнүн 97 метрине гана асфальт төшөлүп, калган 376 метрине бүгүнкү күнгө чейин асфальт төшөлбөгөндүгү такталып, мамлекетке 1 млн 398 миң 203 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, – деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары