Улуттук банк калктын даттанууларын ыкчам кароо үчүн WhatsApp-каналын ишке киргизди

Улуттук банк калктын даттанууларын ыкчам кароо үчүн WhatsApp-каналын ишке киргизди

Калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында Улуттук банк 0501 89 00 00 номеринде WhatsApp-каналын ишке киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

WhatsApp-канал аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү) боюнча кайрылууга болот.

“Ошондой эле жарандар телефон аркылуу ыкчам маалымат/консультация алуу үчүн Улуттук банктын кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефон номерине жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.

Маалымат үчүн: WhatsApp байланыш каналы жарандардын кайрылуусун Whatsapp-каналы аркылуу гана кабыл алууга багытталган, анда жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле (зарыл учурда) керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

WhatsApp-каналынын номерине кайрылуулар жумуш күндөрү (дүйшөмбү – жума) саат 08.30дан 18.00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү түшкөн билдирүүлөр андан кийинки жумуш күнү каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары