Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат

Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат

Бүгүн саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде КР ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

“Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде кызматкерлер жарандарды эвакуациялоо, убактылуу жайга жайгашыруу пункттарында кабыл алуу, керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлгө алууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги "Бишкек Арена" стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салынган буюмдардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар, көлөмдүү баштыктар жана жагдандар кирет. Ошондой

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске