Баткен: КР Тажикстандын ТИМине нааразылык нотасын тапшырды

Баткен: КР Тажикстандын ТИМине нааразылык нотасын тапшырды

Бүгүн, 16-сентябрда тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Анда Тажикстан мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерин аткылаганы тууралуу айтылган.

Кыргыз тарап бардык жетишилген макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келүүчү кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана дагы бир жолу баса белгиледи.

“Чек араны саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү керек”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.


15-сентябрда да кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болуп, Чек ара кызматы ок атышууну Тажикстан тарап баштаганын билдирген. Анын айынан эки чек ара кызматкери, үч жай тургун жарадар болгон.

Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү ЖК комиссиясы менен биргеликте бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын (ПВР) ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштуруп жатат.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат. Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланган. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар.

Саат 10:30га карата: Лейлек району боюнча, Жаңы-Жер а/а Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80%элдери өз алдынча чыгып кетишкен.

Учурда Кыргызcтан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Сүйлөшүүлөргө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов катышууда. Бирок толук маалымат бериле элек.

Мындан тышкары окуңуз

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги "Бишкек Арена" стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салынган буюмдардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар, көлөмдүү баштыктар жана жагдандар кирет. Ошондой

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп