Баткенде кырдаал курч бойдон турат

Баткенде кырдаал курч бойдон турат

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда. Эртең менен 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарындагы чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Көк-Таш” чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

“КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт”, – дейт мамлекеттик орган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, – деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон. Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарган. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп маалымат берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Таласта беш баласына алимент төлөбөй жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Бакай-Ата районунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматка ылайык, анын кызы 2025-жылы жолдошу менен ажырашкандан кийин беш

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн. “Ал

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары